Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь
Шайлооого катышпагандарга айып пул салууга болбойт — Тынчтык Шайназаров
Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып пул салуу чарасын киргизбөө керек. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоого катышпаган жарандарды жазалоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташкан.
Тынчтык Шайназаров мындай чарага каршы экенин белгиледи.
«Айып пул киргизүүнүн кереги жок. Түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Жарандык позиция болушу керек, адамдар кайдыгер болбошу керек», — деди ал.
БШКнын төрагасы шайлоого катышуу жазалоо коркунучу менен жүктөлгөн милдет катары эмес, жарандык жоопкерчилик катары кабыл алынышы керектигин белгиледи.
