«Баатыр эне» наамын алган энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталды
Министрлер кабинети «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөмдү көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.
Учурда мындай энелерге, анын ичинде багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсия алган аялдарга ай сайын эсептик көрсөткүчтүн 1000 пайызы өлчөмүндө, башкача айтканда, 1 миң сом кошумча төлөнөт.
Мыйзам долбоорунда бул төлөмдү эсептик көрсөткүчтүн 5000 пайызына чейин, башкача айтканда, айына 5 миң сомго көбөйтүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, учурдагы төлөмдүн өлчөмү 2011-жылдан бери кайра карала элек. Бул убакыт аралыгында азык-түлүккө, коммуналдык кызматтарга жана дары-дармектерге болгон баалардын өсүшүнөн улам 1 миң сомдук кошумча төлөм колдоо чарасы катары өзүнүн баштапкы маанисин жоготкон.
Кыргызстанда «Баатыр эне» орденине татыган 34 миңге жакын эне бар.
Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, төлөмдү көбөйтүү көп балалуу энелерге мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана жети же андан көп баланы тарбиялап өстүргөн аялдардын материалдык абалын жакшыртууга багытталган.
