Кыргызстандын аймактарында туризмдин өнүгүшүнө ички авиабилеттердин кымбаттыгы тоскоол болууда — эксперт
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Кыргызстандын аймактарында туризмдин өнүгүшүнө ички авиабилеттердин кымбаттыгы тоскоол болууда — эксперт

Кыргызстандын аймактарында туризмдин өнүгүшүн чектеген факторлордун бири — ички авиабилеттердин кымбаттыгы. Бул тууралуу каржы маселелери боюнча эксперт Медетбек Назаралиев «Биринчи радионун» «Таңкы Кыргызстан» программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аймактык аэропортторду өнүктүрүү жана калыбына келтирүү ички туризм үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул Бишкектен өлкөнүн ар кайсы аймактарына тез жетип, туристтик жайларды көбүрөөк кыдырууга шарт түзөт.

Бирок эксперт ички каттамдардагы авиабилеттердин баасы жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, башка өлкөлөрдө шаарлар аралык аба каттамдарынын баасы жер үстүндөгү транспорт менен жүрүүгө кеткен чыгымдарга атаандаша алат.

Назаралиев ички каттамдардагы билеттердин баасын төмөндөтүү Кыргызстан боюнча туристтик сапарларды көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.