сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
20 октябрь
Кыргызстандын импорту беш жылда дээрлик 2,5 эсе өстү, экспорту 10%га гана көбөйдү
Акыркы беш жылда Кыргызстанда импорт экспортко салыштырмалуу кыйла тез өстү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы өлкөгө 5 млрд 580,2 млн долларлык товар импорттолсо, 2025-жылы бул көрсөткүч 13 млрд 666,5 млн долларга жеткен. Башкача айтканда, импорт беш жылда дээрлик 2,5 эсе көбөйгөн.
Ал эми экспорт ушул эле мезгилде 2 млрд 752,2 млн доллардан 3 млрд 23 млн долларга чейин өсүп, болжол менен 10%ды түзгөн.
Натыйжада тышкы сооданын түзүмү да өзгөргөн. 2021-жылы жалпы товар жүгүртүүнүн 33%ын экспорт түзсө, 2025-жылы анын үлүшү 18,1%га чейин төмөндөгөн. Ал эми импорттун үлүшү 67%дан 81,9%га чейин өскөн.
Жалпысынан Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү беш жылда эки эсеге көбөйүп, 8,3 млрд доллардан 16,7 млрд долларга жеткен.
