Баңгизаттарды кир жуучу айна, май жана курулуш материалдары катары жашырышкан — ИИМ
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Баңгизаттарды кир жуучу айна, май жана курулуш материалдары катары жашырышкан — ИИМ

Синтетикалык баңгизаттарды ташууда жана сактоодо кир жуучу айна, ар кандай майлар жана курулуш материалдары катары жашырышат. Бул тууралуу 20-октябрда түз эфирде ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын башчысы Марсель Доталиев билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында синтетикалык баңгизаттардын ири партияларын аныктоого мүмкүн болгон.

Ошондой эле ал мыйзамсыз баңгизат өндүрүүчү көмүскө лабораториялар көбүнчө эл аз жашаган, жол жок жана жетүүгө кыйын аймактарда жайгаштырыларына токтолду.

Доталиев белгилегендей, мындай обочолонгон жерлерди тандоо мыйзамсыз өндүрүштү узак убакытка чейин жашырууга шарт түзөт.