ЖАМКнын психиатриялык оорукана куруу демилгеси кошумча 150дөй штатты талап кылат
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын психиатрдык оорусу аныкталган жана оор кылмыштарга айыпталган соттолуучуларды кармоо, дарылоо үчүн атайын адистештирилген психиатриялык оорукана куруу жана иштетүү демилгеси 150 кошумча штатты жана 204 миллион сомдой чыгашаны талап кылат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинде тиешелүү мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда белгилүү болду
ЖАМКнын төрагасынын орун басары Нурлан Сарчаевдин айтымында, психиатриялык ооруканага 227 кызматкерлер талап кылынат: анын 74ү медициналык кызматкерлер: дарыгер жана санитарлар, калганы коопсуздукту камсыз кылуучулар.
“Өздүк курам 227 адамдан турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги 74 медицина кызматкерлерин өздөрүнүн штаты менен бермей болду. Ошондой 150дөй кошумча штат бизге талап кылынат, алар ички жана сырткы коопсуздукту көзөмөлдөөчү, ар бир сутка сайын алмашып иштөөчү офицердик жана сержанттык курам”, - деди Сарчаев.
Ал белгилегендей, болочок оорукана 165 соттолуучуну кармоого ылайыкташып жатат, ал эми ал үчүн ЖАМКга кошумча 150дөй штат керек.
Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын айтымында, аталган министрлик адистештирилген оорукананын чыгымын эсептеп чыккан.
“Мындагы кызматкерлер бирин бири алмаштырган суткалык тартипте иштешет. Азыр 227 штатты эсептеп көрдүк, айлык акыга 204 миллион сом керектелет. Айлык көбөйгөнүнө жараша сумма дагы да өсүшү мүмкүн”, - деди ал.
Дүйшеева кошумчалагандай, бул акыркы сумма эмес. Оорукана курулуп бүткөндөн кийин муктаждыкка карата штат дагы такталат.
