Бишкекте унааны айдап качкан 17 жаштагы өспүрүм окуучуну сүзүп кетти
20 октябрь

Бишкекте унааны айдап качкан 17 жаштагы өспүрүм окуучуну сүзүп кетти

Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы өспүрүм BMW унаасын мыйзамсыз айдап качып, 16 жаштагы кызды сүзүп кеткен.

Жабыркаган кыз ооруканага жеткирилген.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 16-октябрда Троицкая көчөсүндө болгон.

Патрулдук милиция кызматкерлери BMW унаасын башкарып бара жаткан өспүрүмдү байкап, аны токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал милициянын талабына баш ийбей, жолун уланткан.

Алгач BMW жүк ташуучу унаа менен кагылышып, андан соң 16 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, кийин токтоп турган унааны сүзгөн.
Жол кырсыгынын кесепетинен кыздын сол буту сынып, мээси чайкалган. Учурда ал ооруканада дарыланып жатат.

Патрулдук милициянын маалыматына караганда, өспүрүм унааны айдоочулук күбөлүгү жок башкарып, транспорт каражатын мыйзамсыз ээлеп алган.

Азырынча өспүрүмдүн кармалганы жана ага карата кандай процессуалдык чечим кабыл алынганы тууралуу маалымат бериле элек.