Бишкекте скульптор Виктор Шестопалдын юбилейлик көргөзмөсү ачылат
2026-жылдын 23-октябрында Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, профессор Виктор Арнольдович Шестопалдын чыгармачылыгына арналган «Эргүүнүн жана искусствого берилгендиктин кылымы» аттуу юбилейлик көргөзмө ачылат.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, көргөзмөнүн ачылышы саат 14:00дө өтүп, экспозиция 8-ноябрга чейин уланат.
Виктор Шестопал — Кыргызстандагы монументалдык скульптуранын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон белгилүү чебер. Ал Курманжан датканын, Александр Пушкиндин жана Константин Скрябиндин эстеликтерин жаратууга, ошондой эле «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин көркөм жасалгасына авторлош катары катышкан.
Көргөзмөдөн скульптордун «Согуш балдары», «Эне», «Ата», «Оо, Жараткан, бул жерге тынчтык бер» аттуу эмгектерин, белгилүү инсандардын рельефтик портреттерин жана «Муундардын кыялы» аттуу чыгармасын көрүүгө болот.
Юбилейлик көргөзмө көрүүчүлөргө чебердин чыгармачылык мурасы менен таанышып, анын кыргыз көркөм өнөрүнө кошкон салымын баалоого мүмкүнчүлүк түзөт.
