Кыргызстандын кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасы беш жылда 5 эседен ашык өстү
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
20 октябрь

Кыргызстандын кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасы беш жылда 5 эседен ашык өстү

Акыркы беш жылда Кыргызстандын тышкы соодасында эң тез өнүгүп жаткан багыттардын бири кызмат көрсөтүүлөр болду.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасынын жүгүртүүсү 1 млрд 261,6 млн долларды түзгөн. Ал эми 2025-жылы бул көрсөткүч 6 млрд 665,2 млн долларга жеткен.

Ошентип, беш жылда кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасынын көлөмү болжол менен 5,3 эсеге өстү. 2025-жылы эле көрсөткүч 4,4%га көбөйгөн.

Өткөн жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн экспорту 3 млрд 547,5 млн долларды, импорту 3 млрд 117,7 млн долларды түздү.

Товарлардын соодасында олуттуу тартыштык байкалса, кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы соодасы 2025-жылы 429,8 млн долларлык оң сальдо менен аяктаган.