Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан бошотуу сунушталууда
20 октябрь

Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан бошотуу сунушталууда

Демилгечи депутат Алтынбек Кудайбердиевдин айтымында, мыйзам долбоору чет өлкөдөн күчтүү кадрларды тартууга өбөлгө түзөт. Күчтүү кадрлар келсе – чет өлкөгө чыгып билим алууга мүмкүнчүлүгү жок студенттерге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Депутат Дастан Бекешев чет өлкөлүк мугалимдерге басым жасоо жогорку окуу жайлардагы окуу акысынын кымбатташына алып келиши мүмкүндүгүн белгиледи.

“Окуу жайлар шылтоо кылып башташат – мына, силерге Москвадан, Европадан мугалимдерди алып келдик деп. Алар миң долларга келишпейт, кеминде он миң доллар айлык акы алышы керек. Бул акыры келип контракт акысынын жогорулашына алып келбейт деген кепилдик барбы?” – деди депутат.

Демилгечи түшүндүргөндөй, учурда Кыргызстанда 750 чет өлкөлүк окутуучу иштейт. Бирок алардын көбү эл аралык келишимдерге ылайык, чет өлкөдөгү жиберип жаткан мекеменин каржылык колдоосу менен, волонтердук кылып келгендер.

Бекешев аны менен катар чет өлкөлүк окутуучуларды киреше салыгынан такыр эле бошотуп салууга каршы чыкты. Ал жок дегенде 1 пайыз кылууну сунуштады.

“Майыптыгы бар жарандардан да 5 пайыз киреше салыгын алабыз. А 10 миң доллар гонорар алгандарды бошотуп салсак кандай болот? Майыптыгы бар жарандардан алып, а беркилерге “сен жакшы акча таап жатасың, төлөбөй деле койсоң болот” дегенибиз туурабы? Жок дегенде 1 пайыз төлөп коюшса эч нерсе болбойт. 10 миң доллардын 100 доллары салыкка кетсе, билинбейт деле. Алар өз өлкөсүндө деле төлөп жатышпайбы. Швейцарияда дээрлик 50 пайыз, Америкада 20 пайыз кармалат. Кыргызстанда жок дегенде 1 пайыз төлөшсүн”, – деди.

Алтынбек Кудайбердиев киреше салыгын жок кылганда эле Кыргызстанга чет өлкөлүк күчтүү окутуучулар массалык түрдө келип башташы күмөн экенин биддирди.

“Чет өлкөдөн бизге күчтүү адистердин келиши кыйын. Анткени бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу айлык акы аз. Бирок ушундай жеңилдиктер бизде бар деп жарнама кылалы деген ойдо мыйзам долбоорун жазып атабыз. Бирден-экиден болсо дагы күчтүү кадрлардын келишине өбөлгө түзсөк, студенттерге жакшы болмок”, – деди Кудайбердиев.