Бекешев: Депутаттар деле артисттер, болгону алар саясий артисттер
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 октябрь

Бекешев: Депутаттар деле артисттер, болгону алар саясий артисттер

Парламентке сын айтуу – бул нормалуу процесс, анткени парламент – ачык орган, кээде депутат элге жакпаган пикир айтып же мыйзам долбоорун сунуштап алышы мүмкүн, дейт Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. 

Ал бул тууралуу “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. 

“Дүйнөнүн бир да өлкөсүндө элге жаккан парламент жок. Кайсы өлкөдө болбосун элдин эң жаман көргөнү – бул депутаттар. Анткени парламенттин табияты ушундай. Талаш-тартыш болуп жатканда туура эмес пикир айтып алышы мүмкүн. Парламентте депутат бир гана мыйзам чыгарбайт, ал саясий кызматта да болуп жатат, демек, кызматы ар кандай сын пикирлер менен коштолооруна көнүшү керек. Бир күнү макташат, экинчи күнү сындашат. Артисттер деле ырдаганда кээ бир ыры бизге жакпай калып жатпайбы, депутаттар да артисттер, болгону саясий артисттер”, – деди Дастан Бекешев. 

Ошондой эле ал кесиптеши Эрулан Көкүловдун “депутаттардын жарымы тааныш, жарымы акча аркылуу келген, чындап элдин добушу менен шайланган он чакты гана депутат бар” деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. 

“Эл арасында ушундай сөз болушу мүмкүн. Бирок ар бир депутат трибунаны сыйлай билиши керек. Депутат кандай айтса, эл ошондой кабыл алат. Айтылганы объективдүү болушу үчүн далилдер менен чыгарган туура. Ал жөнөкөй адам эмес, мандаты бар саясий кызматкер, бюджеттен айлык алат. Ошондуктан эмне айтса да далил менен айтуу керек. Мисалы, мен ушинтип айтып жатышат деп укканымдын баарын айта берсем, ушакчы депутатка айланам, парламенттин абройуна көлөкө түшүрөм. Ошондуктан, кесиптештерим чоң маселелерди далилдер менен чыгарса”, – деди Бекешев.