Кара-Сууда аркандалган малдарды уурдоого шектелген жаран колго түштү
Ош ОИИБ
20 октябрь

Кара-Сууда аркандалган малдарды уурдоого шектелген жаран колго түштү

Кара-Суу районунда бир нече мал уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды, деп кабарлайт Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын август жана сентябрь айларында Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Датка айыл аймагынын тургундары өздөрүнө таандык үлүш жер тилкелерине аркандап койгон малдарын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Аталган фактылар каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Чогултулган материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери «Коопсуз өлкө» долбоорунун алкагында орнотулган видеокөзөмөл камераларынын жазууларын карап чыгып, шектүүнүн изине түшүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1991-жылы туулган Б. уулу А. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кара-Суу райондук сотунун чечими менен шектүүгө карата бөгөт коюу чарасы катары эки айга камакка алуу тандалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн ондон ашык мал уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Учурда Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо максатында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.