Кыргызстанда алгачкы ирет узун нард боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кыргызстанда алгачкы ирет узун нард боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу  узун нард боюнча өлкө чемпионаты өткөрүлөт. Бул тууралуу турнирдин уюштуруучулары билдиришти.

Мелдештин биринчи баскычы Россиянын Нард федерациясынын тиркемеси аркылуу онлайн форматта өтөт. Аталган тиркемеде Кыргызстандын спорттук клубу да катталган.

Тандоо турунун жыйынтыгы менен мыкты 40 оюнчу чемпионаттын финалдык баскычына катышуу укугуна ээ болот. Финалда Кыргызстандын узун нард боюнча алгачкы чемпиону аныкталат.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, жеңүүчү акчалай сыйлыкка ээ болуп, ошондой эле жалпы байге фонду 500 миң доллардан ашышы мүмкүн болгон эл аралык нард турниринде акысыз катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.