Кыргызстан дүйнөлүк туристтик картада алдыңкы орунга чыкты
Кыргызстан эл аралык Much Better Adventures туристтик платформасы түзгөн Solo Adventure Travel 2026 рейтингинде биринчи орунду ээлеген. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын айтымына караганда, бул рейтингде өлкөлөрдүн туристтер үчүн коопсуздугу, жаратылышы, тоо туризминин мүмкүнчүлүктөрү, саякаттын жеткиликтүүлүгү жана уникалдуу маршруттары эске алынат.
Эмне үчүн Кыргызстан ушундай деңгээлге жетти?
Орунбековдун айтымында, мунун артында өлкөдөгү саясий туруктуулук, коопсуздуктун бекемделиши, мамлекеттик реформалар, инфраструктуранын өнүгүшү жана дүйнөгө ачык болуу саясаты турат.
"Мурда Кыргызстан эл аралык коомчулукта саясий толкундоолор, туруксуздук жана жакырчылык менен көбүрөөк байланыштырылып келсе, бүгүн өлкөбүздүн эл аралык аброю жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатат", - деди ал.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүндө азыр Кыргызстан дүйнөлүк туристтик платформаларда кооз жаратылышы, меймандостугу, саякат үчүн ыңгайлуу шарттары менен таанылууда. Айрыкча, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш чаралардан кийин кызыккандардын саны өстү.
2026-жылдагы дүйнөлүк туристтик рейтингдин ТОП-10 тизмеси:
- Кыргызстан
- Италия
- Япония
- Португалия
- Өзбекстан
- Реюньон аралы (Франция)
- Испания
- Норвегия
- Танзания
- Непал.
