Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 10,8 пайызга өстү
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кыргызстандын экономикасы тогуз айда 10,8 пайызга өстү

Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2026-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продуктукциянын көлөмү 1 640,9 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүш 10,8 пайыз болду.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 9,9 пайыз эле.

Өсүш экономиканын бардык негизги тармактарында байкалууда:

  • курулуш – аткарылган иштердин көлөмү 62,2 пайызга көбөйдү;
  • өнөр жай – өндүрүш 7,1 пайызга өстү;
  • айыл чарба – 6,5 пайызга өстү;
  • кызмат көрсөтүү – 6,1 пайызга өстү.

Номиналдык ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүүчү тармактардын үлүшү 35,9 пайызды, кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 48,7 пайызды түздү.