Алыскы Зардалы айылына баруучу 6,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
19 октябрь

Алыскы Зардалы айылына баруучу 6,4 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Баткен районунун Кан-Тунук-Суу айылы аркылуу Зардалыга өтүүчү жолдун, быйылкы жылга пландалган 6,4 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Курулуш иштери республикалык бюджеттен каржыланган.

Жолдун бул тилкесинин оңдолушу алыскы тоолуу айылдардын тургундарынын жол жүрүү шарттарын жакшыртып, каттамды жеңилдетүүгө өбөлгө түздү.