Кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды 
КР ТИМ
19 октябрь

Кыргызстандык авиакомпаниялар үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды 

2026-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Самарканд шаарында «Борбордук Азия – АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Boeing корпорациясынын эл аралык операциялар жана саясат боюнча вице-президенти Майк Шнабель менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация жаатында кыргыз-америкалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын авиакомпаниялары үчүн Boeing учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл атаандаштыкка жөндөмдүү коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга, АКШнын Экспорттук-импорттук банкынын (EXIM Bank) мүмкүн болгон катышуусу менен каржылоо шарттарына, ошондой эле техникалык тейлөөнү жана авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду.