ЖАМУнун студенти окуу жай үчүн электромобиль жасады
19 октябрь

ЖАМУнун студенти окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, университеттин тарыхында жаңы демилгени ишке ашырды.

Алихан буга чейин чакан унааларды жасап көргөн. Ал эми бул жолу университет үчүн атайын унаа кураштырып, бүгүн ЖАМУнун жамаатына электромобилдин бет ачаары болду.

Алихандын айтымында унааны жасоого эки айдан ашык убакыт кеткен. Унаанын программалоо иштери жана техникалык жабдууларын кураштырууну негизинен өзү аткарган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү материалдарды жана техникалык жабдууларды сатып алууга окуу жай тарабынан 280 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилген.

Жаңы унаанын өзгөчөлүгү электр энергиясы менен иштеши жана күн нурунан энергия алууга мүмкүнчүлүгү бар экендиги. Эми электромобиль университетке келген конокторду окуу жайдын аймагында кыдыруу үчүн пайдаланылат.

ЖАМУнун ректору К. Усеновдун айтымында, бул университеттин тарыхында студент тарабынан ишке ашырылган алгачкы унаа жасоо долбоору. Мындан улам Кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын алкагында Алихан Кимсанбаевди атайын унаа чыгарган ишканага алып барып, тажрыйба алмашуусун уюштуруу пландалууда.

Ал эми студенттин илимий жетекчиси Жолон Аскаров бул долбоор келечекте ири инновациялык иштердин башаты болуп, жаштардын техникалык чыгармачылыгына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн экенин белгиледи.

ЖАМунун автоунаасын жасагандыгы үчүн ЖАМУнун ректору К. Усенов Алихан Кимсанбаевге, илимий жетекчиси Жолон Аскаровго жана Алихандын ата-энесине ыраазычылык каттарды тапшырды.