Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык байланыштарды чыңдайт
Жогорку Кеңеш
19 октябрь

Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык байланыштарды чыңдайт

Бүгүн, 19-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушту.

Иш-чарага депутаттар Айсаракан Абдибаева, Жаныбек Абиров, Бурул Аманова, Эркеайым Сейтказиева, Жылдыз Эгенбердиева да катышты.

Жолугушууда тараптар кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алышты.

Төрага Марлен Маматалиев Азербайжан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш жана боордош мамлекет экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктардын жалпылыгына негизделгенин кошумчалады. Ошондой эле мамлекет башчыларынын саясий эркинин жана үзгүлтүксүз диалогунун натыйжасында кыргыз-азербайжан мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн жүйө келтирди.

«Быйыл июль айында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын тарыхындагы маанилүү окуя болду. Анын алкагында союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлуп, өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өнөктөштүк жаңы баскычка чыкты. Эми биз дагы мамлекет башчылары аныктаган багыттарды мыйзам чыгаруу деңгээлинде колдоп, өз ара кызматташтыкты дагы тереңдетишибиз зарыл», – деди Марлен Маматалиев.

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасы парламенттер аралык дипломатияны өнүктүрүүдө ТүркПАнын өзгөчө орду бар экенине токтолду. Аталган уюм боордош мамлекеттердин мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда тажрыйба алмашууга, саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүп жатканын белгиледи.

Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселесине да өзгөчө көңүл бурулуп, Марлен Маматалиев бул багытта Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жигердүү өнүгүп жатканын ырастады.

Ошондой эле фонд түзүлгөндөн бери жалпы суммасы 24 млн АКШ долларынан ашкан 11 инвестициялык долбоор жактырылганын белгилеп, мындан ары энергетика тармагындагы ири стратегиялык долбоорлорду каржылоого артыкчылык берүү маанилүү экенин кошумчалады.

«Кыргызстан Азербайжанды инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү келечектүү өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Биз энергетика, логистика, айыл чарба, туризм жана башка артыкчылыктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз. Бул багытта эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүү зарыл», – деген Төрага маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерине да токтолду.

Өз кезегинде Сагиба Гафарова жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрагага ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстан акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүдө жана башка тармактарда жетишкен ийгиликтерди баса белгиледи.

«Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосунда 123 документке кол коюлганын кубануу менен белгилеп кетким келет. Бул чоң көрсөткүч. Өзгөчө акыркы жылдары көптөгөн документтерге кол коюлгандыгы кубандырат. Бул мамлекет башчыларыбыз дүйнөдөгү өзгөрүүлөрдү терең түшүнүп, түрк мамлекеттерин жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө бекем умтулуп жатканын дагы бир жолу айгинелейт», – деди.

Муну менен катар Азербайжандын Милли Межлисинин Төрайымы саясий диалогдун жогорку деңгээли экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана соода тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ыңгайлуу шарттарды түзөрүн кошумчалады.

Ошону менен бирге Сагиба Гафарова парламенттер аралык алакаларды арттырууга, анын ичинен тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун деңгээлиндеги байланыштарды активдештирүү тууралуу да сөз кылып: «Алсак, Азербайжан парламентиндеги Кыргызстан менен достук тобу эң көп мүчөсү бар топтордун бири болуп саналат жана анын курамына 35 депутат кирет», – деп кошумчалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-азербайжан достугун жана союздаштык мамилелерин мындан ары чыңдоого, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сагиба Гафарованын катышуусу менен Жогорку Кеңештин имараты боюнча экскурсия өткөрүлүп, анда делегаттарга санариптешкен заманбап музей менен жаңыланган жыйындар залдары көрсөтүлдү. Төрага жаңы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн залдарды тааныштырса, атайын робот-экскурсовод жаңы ачылган музей тууралуу маалымат берди.