Ноокат районунда күздүк дан эгиндери себилүүдө
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
19 октябрь

Ноокат районунда күздүк дан эгиндери себилүүдө

Ноокат районунда 2027-жылдын түшүмү үчүн күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү иштери улантылууда, деп билдирет Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги.

2027-жылдын түшүмү үчүн республика боюнча күздүк дан эгиндерин 200 миң гектар жерге, анын ичинде Ош облусунда 32 миң гектар аянтка себүү пландалган.

Ноокат районунда күздүк буудай жана арпа себүү үчүн жалпы 10 300 гектар жер аянты каралган. Бүгүнкү күнгө карата 1 000 гектар жерге дан эгиндеринин үрөндөрү себилди.

Мындан тышкары, айыл чарба жерлеринен 400 гектар кайрак айдоо аянты бөлүнүп берилди. Бул жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана күздүк дан эгиндерин себүү аянттарын кеңейтүү үчүн маанилүү.

Күздүк себүү иштерин колдоо максатында мамлекет тарабынан Ноокат районуна 10 тонна күйүүчү май бөлүнүп берилди.

Ошондой эле райондо буудай себүүдө жаңы технология колдонулууда. Анын өзгөчөлүгү — жерди алдын ала айдабастан, үрөндү жана минералдык жер семирткичтерди бир эле учурда себүү. Бул ыкма талаа иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө жана жер иштетүүгө кеткен чыгымдарды азайтууга өбөлгө түзөт.

Күздүк дан эгиндерин өз убагында себүү, айыл чарба жерлерин натыйжалуу пайдалануу жана заманбап технологияларды колдонуу 2027-жылы мол түшүм алууга багытталган.