Сыймык Жапыкеев түнү милицияга жеткирилген: милиция түшүндүрмө берди
Бишкек шаарында мурдагы Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеев түн ичинде милицияга жеткирилген. Бул тууралуу ал өзү билдирип, ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча түшүндүрмө берди.
Милициянын маалыматына ылайык, 19-октябрда саат 02:11 чамасында Жаманбаев көчөсүндөгү батирлердин биринде тынчтык бузулуп жатканы тууралуу 102 кызматына билдирүү түшкөн. Арыз ээси кошуналары ызы-чуу салып, кыйкырып, тургундардын эс алуусуна тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.
Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеевди катуу мас абалында табышкан. ШИИББдин маалыматына караганда, ал кызматкерлердин талаптарына баш ийбей, сөгүнгөн. Андан соң Жапыкеев Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын №5 шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Буга чейин Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. Ал 8-октябрда «Кыргызтест» мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тест тапшырган. Талапкер тесттин көпчүлүк бөлүктөрүнөн өткөнү менен, жазуу бөлүгүнөн өтүү үчүн талап кылынган баллга беш балл жетпей калган. Жапыкеев баалоо критерийлерине макул эместигин билдирген.
