АКШда эркектер ботокс үчүн аялдарга караганда көбүрөөк акча коротууда
АКШда эркектердин ботокс процедураларына короткон чыгымдары аялдардыкы менен салыштырганда жогору бойдон калууда. Мындан тышкары, алардын ортосундагы айырма кайрадан өсө баштады. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы Guidepoint Qsight аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып жазды.
Отчетко ылайык, 2026-жылдын үчүнчү чейрегинде эркектердин инъекциялык процедуралар үчүн бир жолку орточо чыгымы 529 долларды түзүп, акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Ал эми аялдар орточо эсеп менен 455 доллардан төлөшкөн. Отчетто эркектер дененин кайсы бөлүктөрүнө инъекция жасатканы так көрсөтүлгөн эмес.
2022-жылы эркектердин мындай процедураларга жумшаган каражаты аялдардыкына караганда 19,6%га көп болгон. Кийин айырма азайганы менен, акыркы мезгилде кайрадан көбөйө баштаган.
Guidepoint Qsight компаниясынын эстетикалык медицина багыты боюнча улук вице-президенти Эрика Шейндин айтымында, эркектерге ботокстун же башка нейротоксиндердин көбүрөөк өлчөмү талап кылынышы мүмкүн. Буга алардын бетинин иштетилүүчү бөлүгү чоңураак жана чекесиндеги булчуңдары күчтүүрөөк болгону себеп.
Шейндин белгилешинче, эркектер да, аялдар да мындай инъекцияларды орточо эсеп менен төрт айда бир жолу жасатышат.
Ошол эле учурда эстетикалык медицина кызматтарына кайрылган эркектердин саны жана кызыгуусу өсүүдө. Алар ботокстон тышкары чач көчүрүү жана дене түзүлүшүн оңдоо процедураларын да тандап жатышат.
Бул тенденциянын жайылышына белгилүү адамдар да таасир этүүдө. Маселен, ырчы жана актёр Жо Жонас бир нече жыл мурун Merz компаниясынын Xeomin препаратынын жарнамалык жүзү болгон. Ал эми телеалып баруучу Энди Коэн да ботокс жасатканын ачык билдирген.
Мындай процедураларга көбүнчө X муунунун өкүлдөрү жана миллениалдар кайрылышат.
