Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run жарышы жетинчи жолу өттү
Бишкек мэриясы
19 октябрь

Бишкекте Bishkek Snow Leopard Run жарышы жетинчи жолу өттү

«Манас» аэропортунун аймагында 18-октябрда Bishkek Snow Leopard Run жарышы жетинчи жолу өткөрүлдү.

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чарага дүйнөнүн 25тен ашуун өлкөсүнөн 6 миңге жакын адам катышты.

Быйылкы жарыштын алкагында Бишкекте биринчи жолу марафондук 42,2 чакырым аралык чуркоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Иш-чаранын ачылышында Бишкек шаарынын мэринин орун басары  Рахат Ишенбековна сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө спорт машыгуу менен гана чектелбестен, тартипти, жоопкерчиликти жана алдыга койгон максатка жетүүгө умтулууну калыптандырарын белгиледи. Ошондой эле спорт менен жаратылышка кам көрүүнүн айкалышы өзгөчө көңүл бурууга арзый турганын баса белгилеп, бардык катышуучуларга ийгилик жана жеңил чуркоо каалады.

Катышуучулар үчүн 5 км, 14 км, 21,1 км жана 42,2 км аралыктагы жарыштар уюштурулду. Ал эми 5 чакырымдык чуркоо кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналды.

Жарыштын эң улуу катышуучусу 80 жаштагы Виктор Тюменцев болуп, ал 14 чакырым аралыкты ийгиликтүү басып өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышты. Бардык катышуучуларга эстелик медалдар тапшырылды.

Bishkek Snow Leopard Run спорт сүйүүчүлөрүн жана жаратылышты коргоого кайдыгер карабаган адамдарды бириктирген иш-чара болуп саналат. Жыл сайын старттык төлөмдөрдүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо программаларын колдоого багытталат.