Ош шаарында бир күндө 10 сейил бак ачылды
Ош шаарында бир катар жаңы эс алуу бактары пайдаланууга берилди, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.
Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышып, түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.
Эс алуу бактары төмөнкү даректерде түптөлдү:
- Киргизия кино театрынын жанында ООН эс алуу багы;
- Ишкаван айылындагы бак;
- Достук. Катта терек айылынын кире бериш жериндеги бак;
- Манас-Ата МАБынын артындагы бак;
- Раззаков көчөсү, 26 үйдүн жанындагы бак;
- Масалиев 55 үйдүн жанындагы эс алуу багы;
- Өчпөс оттун жанындагы "Жаштар" багы;
- Санкт-Петербург көчөсүндөгү бак.
Иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту.
Жарандар шаарды көрктөндүрүү жана эс алуу жайларын түзүү багытындагы иштерге байланыштуу ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери Ош шаарында жалпы аянты 56 гектардан ашкан аймакка 33 сейил жана эс алуу жайлары түзүлдү.
Жаңы курулган жана көрктөндүрүлгөн эс алуу жайларында жалпысынан 650 түп бак-дарак жана бадал отургузулуп, 75 миң түп гүл эгилди. Ошондой эле газон чөбүнүн уруктары себилди.
Шаарда жашыл аймактарды көбөйтүү, коомдук эс алуу жайларын кеңейтүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу иштери мындан ары да улантылат.
