Тогуз-Торо районунда өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн реабилитациялык борбордун жаңы имараты ачылды
Тогуз-Торо районунун Казарман айылында майыптыгы бар балдар үчүн “Аракет” реабилитациялык борборунун жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев катышкан.
Жаңы имаратта өзгөчө камкордукка муктаж балдардын күндүзгү реабилитациядан өтүүсүнө, өнүгүүсүнө жана социалдык көндүмдөрүн калыптандырууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Иш-чаранын жүрүшүндө Тилек Текебаев борбордун ачылышы райондогу балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун белгилеп, долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн “Сармат” курулуш компаниясына ыраазычылык билдирди.
Жалпы сметалык баасы 18 миллион сомду түзгөн долбоорго Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, жеке демөөрчү “Сармат” курулуш компаниясы 13 миллион сом каражат жумшаган. Жергиликтүү бийлик тарабынан борбордун курулушу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Бүгүнкү күндө Тогуз-Торо районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 248 бала бар. Алардан 50 бала реабилитациялык борбордун күндүзгү тейлөө, массаж, өнүктүрүү жана өзгөчө муктаждыктарына ылайык билим берүү кызматтарын алышат.
