Араван районунда 150 орундуу жаңы мектеп курулууда
Курулуш министрлиги
19 октябрь

Араван районунда 150 орундуу жаңы мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектептин имараты үч блоктон туруп, эки кабаттуу болуп курулууда.

Жаңы мектепте окуучулардын заманбап шарттарда билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралат. Атап айтканда, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалган предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт залы болот.

Бүгүнкү күндө имараттын ички шыбак иштери аяктап, чатыры толугу менен жабылды. Учурда ички жасалгалоо иштери кызуу уланууда.

Мектептин курулуш иштеринин сапаты жана аткарылышы Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.