Мавлянова Бишкек – Ош багыты боюнча каттамдарды көбөйтүүнү сунуштады
видеодон алынган кадр
19 октябрь

Мавлянова Бишкек – Ош багыты боюнча каттамдарды көбөйтүүнү сунуштады

Депутат Махабат Мавлянова Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча авиакаттамдардын санын көбөйтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда бул багытта авиабилеттер жетишсиз болуп, учак билеттери кымбат бойдон калууда.

Ал каттамдардын санын көбөйтүү жүргүнчүлөр үчүн тандоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, авиакомпаниялар ортосундагы атаандаштыкты күчөтөрүн белгиледи.

«Каттамдар көбөйсө, жүргүнчүлөрдүн тандоосу кеңейип, авиакомпаниялар ортосундагы атаандаштык күчөйт. Натыйжада авиабилеттердин баасы асман чапчыбай, калк үчүн жеткиликтүү болот», — деди депутат.

Ошондой эле ал жүргүнчүлөр кээде сапарга бир нече күн калганда билеттерди кымбат баада сатып алууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.

Жыйында каттамдардын санын көбөйтүү жана ички авиакаттамдарды субсидиялоо мүмкүнчүлүктөрү да талкууланды.