Кыргызстанда 2027-жылга иммиграциялык квота 400 адам деп белгиленди
Кыргызстанда 2027-жылга карата өлкөгө иммиграциялоого уруксат берилген чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын саны 400 адам деп белгиленди.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 13-октябрында кол койгон.
Квотанын эң чоң бөлүгү Чүй облусуна — 110 адамга, Бишкек шаарына 100 адамга каралган.
Ош жана Жалал-Абад облустарынын ар бирине 50дөн, Ош шаарына 30 орун бөлүнгөн.
Ысык-Көл жана Нарын облустарынын ар бирине 20дан, Баткен жана Талас облустарынын ар бирине 10дон орун белгиленген.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине иммиграциялык квотанын өлкөнүн аймактары боюнча бөлүштүрүлүшүнө ар бир квартал сайын талдоо жүргүзүү тапшырылды.
2027-жылдын 1-январынан тартып 2025-жылдын 29-декабрындагы тескеме күчүн жоготот. Аталган документте учурдагы мезгилге карата иммиграциялык квота белгиленген.
