Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь
Бишкекте 19-20-октябрь күндөрү ТүркПАнын жыйындары өтөт
Ушул жылдын 19-20-октябрында Бишкек шаарында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйындары өтөт.
КР ЖКдан кабарлашкандай, иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын парламент жетекчилери баштаган депутаттар, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн делегациялары келишет.
19-октябрда ТүркПАнын Аял парламентарийлер форуму жана Жаш парламентарийлер форуму өз ишин баштайт. Ал эми 20-октябрда ТүркПАга мүчө мамлекеттердин парламент жетекчилеринин кеңеши жана XV пленардык отурум өтөт.
Белгилей кетсек, ТүркПАнын алкагында КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
