Кожо-Ашкан дарыясына эки ай мурун агып кеткен жарандын сөөгү табылды
ӨКМдин Баткен башкармалыгы
19 октябрь

Кожо-Ашкан дарыясына эки ай мурун агып кеткен жарандын сөөгү табылды

Баткен облусунун Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен 48 жаштагы жарандын сөөгү 16-октябрда табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен башкармалыгынан кабарлашты. 

Издөө иштерине жалпы 34 киши, беш дрон тартылган.

Белгилей кетсек, Б.Д. аттуу сөөгү табылган киши 2026-жылдын 10-августунда Кожо-Ашкан дарыясына агып кеткен.