Садыр Жапаров казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткандарына жооп берди
Президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталына кыскача маек берип, анда казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязовдун айткандарына жооп берген.
Эске сала кетсек, казакстандык оппозиционер Мухтар Аблязов Садыр Жапаровду көптөн бери тааный турганын айткан. 2020-жылы телефондон кырк мүнөт сүйлөшкөнүн, президент Жапаров андан акча сураганын айтып чыккан.
Садыр Жапаров маегинде Аблязов менен мурдатан тааныш эместигин билдирди.
"2020-жылы октябрь окуяларында менин жанымда азыр түрмөдө олтурган Мелис Аспеков деген бала жүрүп калбадыбы. Бир күнү мага келип телефон сунду: “Мухтар Аблязов “сүйлөштүрүп койчу” деп суранып жатат, сүйлөшүп коюңузчу”,- деп. Мен эч нерсе оюмда жок эле телефонду алып сүйлөштүм. Ал мени бир-эки мүнөт мактады. “Вот кыргызы вы молодцы, вы сделали третью революции, мы казахи не можем ничего сделать. Поэтому я у вас очень прошу помочь нам, если вы дадите добро я прилечу в Бишкек, там буду сидеть и организовывать революцию в Казахстане”,- деди.
Дагы бир топ сөздөрү бар, эсимден чыгып калды. Биздин кыргыздын паспорту бар экенин, Атамбаевдин убагында алганын айтып өттү. Кыскасы, аны угуп бүтүп, эки эле сөз менен так кесе жооп бердим: “Во-первых, я не вмешиваюсь в политику соседних стран. Во-вторых, из-за вас я не буду портить отношения с Казахстаном. Лучше не приезжайте, занимайтесь своим делом”,- деп. Бүттү. Болгону эки эле мүнөт сүйлөшкөнбүз. Сиз сурап жаткандай 40 мүнөт эмес", - деди Жапаров.
Президент Аблязовдун андан акча сурады деген билдирүүсүн четке кагып, мунун баары карандай калп экендигин баса белгиледи.
"Өзү кайырчылык кылып, казак элинен Франциядагы жеке жашоосуна теңге сурап жүргөн кайырчыдан мени “акча сураган” дегенине ким ишенет. Кайырчыдан акча сурады деген логикага да туура келбейт да. Революция болгон болчу. Бийлик башына эбак эле келип олтуруп калгам. Ал күндөрү акчанын да кереги жок болчу", - деген Садыр Жапаров.
