Ысык-Көлдө 2026-жылкы сезондо 350дөн ашык адам парустук спорт менен машыкты
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Ысык-Көлдө 2026-жылкы сезондо 350дөн ашык адам парустук спорт менен машыкты

2026-жылкы сезондо Ыссык-Көлдө 350дөн ашык адам парустук спорт менен машыгып, окуу-машыгууларга, жарыштарга жана корпоративдик регаталарга катышты. Бул тууралуу сезондун жыйынтыгын чыгарган FareastClub клубунан билдиришти.

Сезон ичинде яхта башкаруучулар үчүн эки интенсивдүү окуу курсу өткөрүлүп, аны 18 адам аяктады. Окутуу программаларынын катышуучуларынан эки туруктуу команда түзүлүп, алар машыгууларын жана жарыштарга катышуусун улантууда.

Мындан тышкары, клуб Борбор Азиянын парустук спорт боюнча чемпионатын өткөрүүгө техникалык колдоо көрсөттү. Мелдеш үчүн төрт Fareast 23R яхтасы, ILCA классындагы беш кайык, калыстар кемеси жана эки техникалык колдоо катери берилди.

Сезон ичинде FareastClub кубогунун беш этабы жана Александр Сахарцевдин кубогу үчүн 11-регата да өткөрүлдү. Ошондой эле клуб 16 корпоративдик регата уюштуруп, көптөгөн катышуучуларга парустук спорт менен алгачкы жолу таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Клубдун маалыматына ылайык, сезондун негизги жыйынтыгы катышуучулардын саны гана эмес, жаңы яхта башкаруучуларынын даярдалып, туруктуу командалардын түзүлүшү жана Ысык-Көлдөгү парустук спорт коомчулугунун кеңейиши болду.