сүрөт социалдык тармактардан алынды
19 октябрь
Шакирага даярдалган гүл эң көп жактыруу топтогон комментарийдин авторуна берилет
Кыргызстан президентинин администрациясы Шакиранын Бишкектеги концертине карата даярдалган гүлдестени ойнотот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ырчынын командасы алдын ала Шакирага гүл белек кылбоону өтүнгөн.
Орунбеков бул тууралуу сториске жарыялагандан кийин гүлдестени алууну каалагандардан көптөгөн өтүнүчтөр түшкөн.
Натыйжада гүлдестени сынак аркылуу ойнотуу чечими кабыл алынган. Ага ылайык, «Бишкек Арена», Шакиранын концерти же Кыргызстан тууралуу жазылган комментарийлердин ичинен эң көп жактыруу (лайк) топтогон комментарийдин автору гүлдестеге ээ болот.
Сынактын жыйынтыгы 19-октябрда саат 20:00дө чыгарылат.
