Кыргызстан менен Армения Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташат
Кыргызстан менен Армения Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташат. Бул тууралуу КР Жаратылыш ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кыргыз-армян кызматташтыгын чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Алардын катарында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Армения Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министрлигинин ортосундагы Ысык-Көл жана Севан көлдөрүн сактоо боюнча кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму бар.
Белгилей кетсек, 15-17-октябрь күндөрү өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Армения Республикасына болгон расмий сапары болуп, мамлекет башчысы 15-октябрда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагында өткөн Лидерлер саммитинин расмий ачылыш аземине катышты.
Ал эми ушул эле саммиттин алкагында Кыргызс Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев «Келечекти каржылоо: каржы агымдарын жаратылыш менен шайкеш келтирүү — жаратылышка оң таасир берүү» аталышындагы жогорку деңгээлдеги тегерек столго жана Биологиялык ар түрдүүлүккө арналган бир катар иш чараларга катышты.
