Жогорку Кеңеш
19 октябрь
Казакстандын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Кыргызстанга иш сапары менен келди
Бүгүн, 19-октябрда Казакстан Республикасынын Курултайынын төрагасы Айбек Дадебай Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Коңшу өлкөнүн жаңы парламентинин Төрагасын “Манас” аба майданынан Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев тосуп алды.
Айбек Дадебай иш сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына да катышат.
Эскерте кетсек, эртең Бишкек шаарында ТүркПАнын Кеңешинин отуруму жана XV пленардык жыйыны өтөт.
