Кыргызстандык дзюдочу Япониядагы Азия Пара оюндарында алтын медаль утту
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
19 октябрь

Кыргызстандык дзюдочу Япониядагы Азия Пара оюндарында алтын медаль утту

Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия Пара оюндарында алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Ал 52 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда япониялык Юуй Фуживараны 1:0 эсебинде жеңген.

Финалдык беттеште Индиянын өкүлү Кокиланы 1:0 эсебинде утуп, Пара Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Мелдештер 24-октябрга чейин уланат.