Кемпир-Абад суу сактагычынан эркек кишинин сөөгү табылды. Милиция жарандарга кайрылды 
Ош ОИИБ
19 октябрь

Кемпир-Абад суу сактагычынан эркек кишинин сөөгү табылды. Милиция жарандарга кайрылды 

2026-жылдын 7-августунда Өзгөн районунда жайгашкан Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматнан билдиришкендей, бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуянын күбөлөрү суралып, маркумдун өлүмүнүн себебин аныктоо максатында бир катар экспертизалар дайындалган.

Учурда экспертизалардын жыйынтыктары толук даяр боло элек.

Ушуга байланыштуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы маркумдун өздүгүн аныктоого көмөк көрсөтүү максатында коомчулуктан жардам сурайт.

Маркумдун болжолдуу белгилери:

• Бою: 160–165 см.

• Кийген кийимдери: сыртында кара түстөгү спорттук жемпир, ичинде жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым жана бутунда жашыл түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Анын өздүгү боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, жакынкы милиция бөлүмүнө же +996 222 224 222, +996 776 612 525, +996 779 215 653 +996 772 214 224, же 102 кыска номуруна кабар берсеңиз болот.