Кыргызстанда 2027-жылдагы Орозо болжол менен 8-февралда башталат
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кыргызстанда 2027-жылдагы Орозо болжол менен 8-февралда башталат

Кыргызстанда 2027-жылы ыйык Орозо болжол менен 8-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Муфтияттын маалыматына ылайык, бул дата азырынча алдын ала белгиленген. Орозо айынын баштала турган так күнү ай календарына жараша, ай башталарга жакын аныкталат.

Алдын ала календарга ылайык, Кадыр түн 5-марттан 6-мартка караган түнү белгиленет. Ал эми Орозо айт майрамы 9-мартка туура келери күтүлүүдө.

Курман айт майрамы болсо 16-майдан 18-майга чейинки мезгилге белгиленген.

Муфтият диний майрамдардын даталары Айдын фазаларына жараша бир аз өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти.