Минкаб Япония грантына 533 млн иенге жол техникасын сатып алууну көздөөдө
19 октябрь

Минкаб Япония грантына 533 млн иенге жол техникасын сатып алууну көздөөдө

Кыргызстандын Министрлер кабинети Япониянын гранттык каражатына заманбап жол куруу техникасын сатып алууну караган макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизди.

Япония өкмөтү «Экономикалык жана социалдык өнүгүү программасынын» алкагында Кыргызстанга 533 млн иенге чейин грант бөлүүдө. Тиешелүү документтерге 2026-жылдын 14-августунда Бишкекте кол коюлган.

Бөлүнгөн каражатка жол фрезалары, жолдун негизин бекемдөөчү стабилизаторлор жана катоктор сатып алуу пландалууда. Техника артыкчылыктуу автомобиль жолдорун жана эл аралык транспорттук коридорлорду оңдоо жана реконструкциялоо иштеринде колдонулат.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде белгиленгендей, жол тармагындагы техникалардын болжол менен 35%ы кызмат мөөнөтү аяктагандыктан иштебей турат. Айрымдарын тетиктердин жоктугунан оңдоо мүмкүн эмес. Ал эми тармактын техникага болгон чыныгы муктаждыгы 2 миңден ашык бирдикти түзөт.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, заманбап техниканын жетишсиздиги, өзгөчө тоолуу аймактарда, жер көчкү жана калың кар жааган шарттарда жолдорду оңдоо иштерин жайлатууда.

Мындан тышкары, эски асфальттын үстүнө кайра-кайра жаңы катмар төшөлгөндүктөн, айрым жолдордо асфальттын калыңдыгы 15 сантиметрге чейин жеткен. Ошондуктан туурасы эки метрге чейинки катмарды сыйрып алуучу жол фрезаларын сатып алуу пландалууда.

Ал эми стабилизаторлор жолдун негизин бекемдөөгө жардам берип, анын кызмат мөөнөтүн узартууга жана кайталап оңдоого кеткен чыгымдарды кыскартууга шарт түзөт.

Мыйзам долбоору Кыргызстандын Министрлер кабинети, Япония өкмөтү жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы макулдашууларды ратификациялоо үчүн парламентке киргизилди.