Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Бишкекте Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы консулдугунун салтанаттуу ачылышы болду.

Консулдуктун ачылышы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоодо маанилүү кадам болду.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, анын ичинде Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана башка чакырылган коноктор катышты.

Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды. Консулдук эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.

Консулдуктун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу, ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргызстан менен Хорватиянын ишкерлеринин ортосунда түз байланыштарды орнотуу болот. Консулдуктун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен өз ара аракеттенүүсү ишкердик өнөктөштүктү өнүктүрүү, биргелешкен демилгелерди илгерилетүү жана экономикалык кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү орунду ээлейт.

Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рефик Шабанович менен жолугушкан.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Хорватия Республикасынын ортосунда кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөргө даярдык маселелерин талкуулашты.

Министрдин орун басары кыргыз тарап Хорватия Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык, өнөр жай жана инвестициялык тармактарда мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.