Кышында электр энергиясы эң көп керектелген убакта өчүрүүлөр болушу мүмкүн
Сүрөт ачык булактардан алынды
19 октябрь

Кышында электр энергиясы эң көп керектелген убакта өчүрүүлөр болушу мүмкүн

Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков алдыдагы кыш мезгилинде электр энергиясы үзгүлтүккө учурабайт деп кепилдик бере алган жок. Бул тууралуу ал 19-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы сакталып, ал жарым-жартылай импорттун эсебинен жабылууда.

Айрыкча эртең менен жана кечинде электр энергиясы көп керектелген убакта кубаттуулуктун жетишсиздиги жаралышы мүмкүн.

Министр белгилегендей, Кыргызстан электр энергиясын сатып алган өлкөлөрдө да керектөө жогорулаган маалда жетиштүү көлөмдө жеткирүү мүмкүнчүлүгү болбой калышы ыктымал.

Ошол эле учурда министр кыш мезгилине карата электр энергиясын пландуу өчүрүү жана чектөө каралбаганын билдирди.

2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 11,31 млрд кВт·саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул пландагы 10,33 млрд кВт·сааттан көп.

15-октябрга карата электр энергиясынын импорту 2,92 млрд кВт·саатты түзгөн.