Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды
28 май

Кыргызстанда акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 күжүрмөн эсеп тартылган. 

ӨКМден билдиришкендей, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 3;
  • Ош облусунда – 1;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1.

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.