Жогорку Кеңеш «КРда жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда колдоду
23 апрель

Жогорку Кеңеш «КРда жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 23-апрелдеги жыйында  «Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Депутаттар Эрнис Айдаралиев менен Марлен Маматалиев демилгелеген мыйзам долбоору жарандардын медициналык кызмат алуудагы маалымдуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Талкуу маалында депутат Алишер Эрбаев мыйзам долбоорун колдой турганын айтып, айрым түшүнүктөр жана терминдер боюнча тактоолорду киргизди. Ал эми депутат Камила Талиева мамлекеттик медициналык камсыздандыруу тутуму жетиштүү деңгээлде жолго салынбай жатканын белгилеп, бул жаатта эл аралык стандарттардан тажрыйба алыш керектигин билдирди. Ошондой эле кайсы райондо камсыздандыруу каражаты көп топтолгонун сурап, үзгүлтүксүз анализдерди жүргүзүү аркылуу калкты өз учурунда маалымат менен камсыз кылууга чакырды.