Түп районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды 
1 ноябрь

Түп районунда 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды 

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айылында 275 орундуу мектептин курулушу аяктап калды.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-жылы башталып, объекттин тендердик баасы 135 млн сомду түзөт.

Курулуп жаткан жаңы мектеп 3 блоктон турат.

Эки кабаттуу окуу корпус спорт зал, өтмө галереясы бар.

Ошондой эле, долбоор боюнча негизги окуу класстардан тышкары

  • китепкана,
  • ашкана,
  • дарылоо бөлмөсү,
  • компьютердик класс,
  • химия,
  • физика сабактары боюнча кабинеттер жана лабораториялар,
  • кыздар үчүн кол эмгек кабинети жана эркек балдарга устакана каралган.

Мектептин жалпы аянты 1383 чарчы метрди түзөт.

Учурда мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары 95 пайызга аткарылда.