Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кремлге келди
8 октябрь

Садыр Жапаров КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кремлге келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.

Иш-чарага келген КМШ мамлекет башчыларын Кремль сарайында Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөлөрдүн лидерлери тар форматтагы жыйын залына өтүштү.