Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы эмне үчүн көбөйдү?
8 октябрь

Кыргызстанда электр энергиясынын таңкыстыгы эмне үчүн көбөйдү?

Бүгүн, 8-октябрдагы Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат угулду.

Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраев алгач суу-энергетикалык кырдаалга токтолду. Анын айтымында, 2024-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13,033 миллиард м3 түзгөн, бул 2023-жылдын 1-октябрына салыштырмалуу 1,289 миллиард м3 көп.

«Токтогул суу сактагычынын суу-энергетикалык ресурсун сарамжалдуу пайдалануу максатында, 3,195 миллиард кВтсаат өлчөмүндө электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдер түзүлүп, 2024-жылдын 1-октябрына карата иш жүзүндө 2,561 миллиард кВтсаат импорттолгон», - деген баяндамачы электр энергиясын иштеп чыгуу көлөмү 9993,6 миллион кВтсаатты түзгөнүн кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,5 миллиарддан 3,9 миллиард кВтсаатка чейин өскөнүн белгилеп, анын себептерине кызыкты. Министр Таалайбек Ибраев түзүлгөн кырдаал жаңы ишканалардын ачылышына жана калктын санынын өсүшүнө байланыштуу экендигин маалымдады.