Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
31 октябрь

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 31-октябрда саат 16:02де катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга (Кара-Киндик айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түндүк чыгышта, Ош шаарынан 110 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнч,а жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.