Балыкчыда милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты
25 октябрь

Балыкчыда милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты

Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экология кызматынын жана Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери көлгө чөгүп бараткан аялды куткарып, анын өмүрүн сактап калышты.

Окуя кечке жуук убакта көл жээк тилкесинде болгон. Көл жээгинде эс алып жүргөн адамдар окуяны көрүп, дароо 102 кызматына билдиришкен. милиция кызматкерлери ыкчам аракет көрүп, аялды алыстап бараткан жеринен кармап, Ысык-Көл ОИИБдин Туристтик-экология кызматынын катери менен жээкке чыгарышты. Кызматкерлердин ыкчам аракети натыйжасында жабырлануучу аман калып, биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, 103 кызматы аркылуу дароо медициналык мекемеге жеткирилди.

Ысык-Көл ОИИБ кырдаалды ыкчам баалап, адам өмүрүн сактап калууда кесипкөйлүк жана кайрат көрсөткөн кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирет.