Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды
25 октябрь

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси ушул жылдын октябрь айында белгисиз адам ага “Теңдик” конушундагы жер тилкесин алуу үчүн жардам көрсөтүүнү убада кылып, ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен 500 миң сом акчасын алганын билдирген. Акчаны алгандан кийин шектүү убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын ИИББнын кызматкерлери тарабынан тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1975-жылы туулган А.А. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Эгерде сиз шектүүнүн аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз: 0 (702) 07-12-63,0 (700) 95-80-65 телефон номерлери же 102 номери аркылуу кабарлоону суранабыз.