Кара-Сууда 200 адамга ылайыкташкан жаңы мечит ачылды
31 октябрь

Кара-Сууда 200 адамга ылайыкташкан жаңы мечит ачылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Каратай айылында 200 адамга ылайыкташкан жаңы мечиттин ачылышы болду. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ачылышына райондун  баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов катышты. Ал салтанаттуу аземде мечитти гүлдөтүп карай турган имам жана жергиликтүү эл экендигин эскертип, демөөрчүлөргө жана демилге көтөрүп чуркагандарга ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын августунда аталган мечиттин тиешелүү иш кагаздары бүткөрүлүп, ДИМКдан эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк алган.